понедельник, 4 мая 2015 г.

Киришүү

Бир курулуш же чыгармадагы кереметти түшүнө алуу жана баалай алуу үчүн көбүнчө ал курулуш же чыгарма жөнүндө терең маалымат алуу, ал жөнүндө ойлонуу керек болот. Мисалы, Египет пирамидалары жөнүндө терең маалыматы болбогон бир адам аларды болгону чөлдөгү топтолгон таштар катары гана көрүшү мүмкүн, ал тургай эмне үчүн дүйнөнүн 7 кереметинин бирөөсү экендигин түшүнө албашы мүмкүн. Бирок бул пирамидалардын ар бири орточо 2,5 тонна оордуктагы дээрлик 2,3 миллион таш блокторунан тураары, пирамидалардын жерге жайгаштырылышында колдонулган геометрия билими, таштарды кесүүдөгү тактык, бул курулуштун ири көлөмү жана бул пирамидалар курулган доордогу шарт жана технология жөнүндө маалымат алынганда, чындап эле ал пирамидалардын керемет экендиги апачык көрүнөт. Пирамидалардын ички архитектурасы, ичиндеги коридорлор жана дагы көптөгөн сырлар жөнүндө маалымат алынганда болсо, ал кереметтерге болгон суктануу андан да өсөт.
Ушул мисалдагы сыяктуу, сырткы көрүнүшүнүн кемчиликсиздиги менен бирге көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүккө ээ болгон адамдын денесине да бул абал тиешелүү. Адам эгер майда-бараттар жөнүндө маалымат албай жана алар жөнүндө ойлонбосо, дайыма өз денесинде, айланасында болуп жаткан кереметтерди байкай албайт. Чындыгында болсо, алдынан келе жаткан унаа мени сүзөт деп корккондо, тумоого чалдыкканда, кан басымы көтөрүлгөндө же бир досуна жолугуп саламдашканда, ар бир адамдын денесинде кереметтүү окуялар ишке ашат. Секундалар, ал тургай көз ирмемдер ичинде көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон кичинекей молекулалар адамдын ичинде аарылардай иштешип, адам өзү да түшүнүүдө кыйнала тургандай татаал, жана абдан көп маалымат жана адистик талап кылган жумуштарды жасашат.
Бүт ааламды, жандууларды жана адамды жараткан Улуу Аллах, албетте, бул кемчиликсиз системаларды жана кереметтүү таланттары болгон молекулаларды бир максат менен жараткан. Ошондуктан, акылдуу жана абийирдүү ар бир адам Аллахтын жаратуу кереметтерин окуп үйрөнүшү жана алар жөнүндө ойлонушу зарыл. Буларды окуп үйрөнүү мындай кереметтерди жараткан Раббибиздин чексиз күч-кудуретин, илимин, акылын, улуулугун жана бийиктигин жакшыраак түшүнүшүбүзгө себепчи болот. Аллах аятында билдиргендей «...Кулдары арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат...» (Фатыр Сүрөсү, 28)
Бул китеп Рахман жана Рахим болгон Раббибиздин бар экендигинин кээ бир далилдерин, Анын кемчиликсиз жаратуу чеберчилигин бүт адамдар көрүп түшүнө ала тургандай жана ал жөнүндө ойлоно ала тургандай деңгээлде түшүндүрүү үчүн даярдалды. Адам – Аллах жараткан бир жандык. Китеп боюнча да көрүлө тургандай, атомдоруна, эң кичинекей молекулаларына чейин Аллахтын илими менен кыймылдоодо жана ааламдагы бүт жандыктар сыяктуу Анын күч-кудуретине моюн сунган абалда.

1. Кандагы суюктуктун көлөмүн текшерген көзөмөлдөөчүлөр

Адамдын денесиндеги суунун көлөмү абдан маанилүү. Суунун белгилүү бир деңгээлден төмөн болушу же денеде ашыкча суу топтолушу адамдын жашоосуна кооптуу натыйжаларды жаратат. Сиз денеңиз үчүн эң идеалуу суу көлөмү канчалык экенин билесизби? Анан да, дайыма денеңиздеги суунун көлөмүн өлчөп, анын керектүү көлөмдө болушу үчүн чараларды көрө аласызбы? Албетте, жок. Балким, бул саптарды окуганга чейин бул жөнүндө эч ойлонгон да эместирсиз. Себеби денеңизде бул маанилүү кызматты сиздин ордуңузга аткарган кереметтүү бир система бар. Бул системанын майда-бараттары адамды таң калтырган бир катар жаратылуу кереметтеринен турат. Эми бул системаны карап көрөлү:
hipotalamus
Figure 1. Hypothalamus cells are responsible for measuring the amount of liquid in the blood.
Figure 2. When the level of fluid in the blood falls below normal levels, the hypothalamus cells take the necessary precautionary measures and go into emergency mode.
Мээдеги гипоталамус клеткаларынын кабыкчаларында кабылдагычтар бар. Бул кабылдагычтарга кандагы суюктуктун көлөмүн өлчөө милдети жүктөлгөн. Байкалгандай, кандагы суюктуктун көлөмүн өлчөөчүлөр – лаборант же докторлор эмес, көз менен көрө албагандай кичинекей болгон клетканын ипичке кабыкчасындагы абдан кичинекей кабылдагычтар. Бул кабылдагычтардын кызматынын канчалык чоң бир маалымат, талант жана техника талап кылаарын түшүнүү үчүн мындай бир салыштыруу жасайлы: бир адамдын алдына бир шише кан коюлганда, бул кандын ичиндеги суюктуктун үлүшүн айта албайт. Мындай эсептөөнү жасай алуу үчүн бул темада адис болушу керек. Бул да жетиштүү эмес. Мындан тышкары, керектүү өлчөөлөрдү жасоо үчүн бир лабораторияга жана техникалык каражаттарга муктаж. Ал эми, клетка кабыкчасындагы кабылдагычтар эч кандай маалыматы болбостон, эч кандай техникалык каражаттарды колдонбостон, адамдын жашоосу боюнча мындай өлчөөнү жасашат. (Figure 1)
Бул кичинекей кабылдагычтардын милдети муну менен эле чектелбейт. Эгер кандагы суюктуктун үлүшү зарыл деңгээлден төмөн экендиги аныкталса, ылдам керектүү чараларды көрүшөт. Бул кереметтүү бир көрүнүш. Мындан тышкары, кабылдагычтар бир гана суюктук үлүшүн өлчөп эле тим болушпайт, эң идеалдуу суюктук үлүшүн да билишип, керек болгондо коңгуроо чалып башташат. (Figure 2.)Коңгуроо чалып баштаган кабылдагыч мээнин арка тарабындагы гипофиз безине ылдам кабар жөнөтөт. (Figure 3.)
hipotalamus
a. hypothalamus cell
b. Molecular structure of the hormone vasopressin.
Figure 3: A hypothalamus cell in emergency mode immediately transmits a message to the pituitary gland at the back of the brain.
Бул жерде терең ойлоно турган маанилүү суроолор бар. Бул кабылдагычтар гипофиз безинин ордун жана бар экенин кайдан билишет? Мындан тышкары, коңгуроо чалганда аларга гипофиз бези жардам берээрин кайдан билишет? Албетте бул суроолордун жообу Улуу Раббибиздин илхамы. Чексиз күч-кудурет ээси болгон Улуу Аллах, жараткан ар бир жандыкка илхам кылган сыяктуу, бул кабылдагычтарга да кемчиликсиз бир илим менен милдеттерин илхам кылууда.
hipotalamus
a. PG: Pituitary Gland
Figure 4: When the pituitary gland receives the message sent by the hypothalamus, it releases into the bloodstream a greater amount of the stored-up hormone vasopressin.
Гипофиз бези кабарды алаар замат өзүндө сакталуу турган вазопрессин аттуу гормонду кан айлануусуна көбүрөөк көлөмдө берип баштайт. Бул жерде ойлоно турган бир жагдай бар: гипофиз бези алган кабар кандай түрдө? Башка бир органдан келген бир кабарды гипофиз бези кантип түшүнө алат жана кабарды кандайча баалап-түшүнүп, ылдам чара көрүп баштайт? Булар кереметтүү жана Аллахка шүгүр кылууга себепчи боло турган кереметтер. (Figure 4.)
Гипофиз бези кан айлануусуна берген вазопрессин болсо гипоталамустагы клеткалар тарабынан өндүрүлгөн бир гормон. Бираздан соң карай турган абдан маанилүү кызматтары бар бул гормондун формуласын гипоталамустагы клеткалар кайдан билишет?
hipotalamus
Figure 5: After its manufacture, the hormone vasopressin is packaged inside another protein.
Figure 6: The packaged vasopressin is transferred to the pituitary gland and stored there, to be used when the time comes.
Бул гормондун формуласы ДНКда шифрленген. Албетте, булар – Улуу Аллахтын кереметтүү жаратуу далилдеринин бирөөсү гана. Мындан тышкары, адамдын денесиндеги бардык клеткалардын ядросундагы ДНКларда вазопрессин гормонуна тиешелүү шифрлер бар экендигин эске салуу керек. Бирок бул шифрди боор клеткалары да, ашказан клеткалары да, булчуң клеткалары да колдонушпайт, бир гана гипоталамус клеткалары колдонуп, бул гормонду өндүрүшүүдө. Мындай бөлүшүү кандайча жасалган? Башка клеткаларда бул шифрдин колдонулушуна эмне тоскоол болууда?
hipotalamus
Figure 7: As soon as the pituitary gland learns that the level of fluid in the blood has declined, it releases the stored hormone vasopressin into the bloodstream, where it is forwarded to the kidneys.
Вазопрессин гормону менен байланыштуу кереметтер муну менен эле чектелбейт. Вазопрессин гормону өндүрүлгөн соң, башка бир протеиндин ичине таңгакталып, гипофиз безине жөнөтүлөт жана убактысы келгенде колдонуу үчүн ал жерде жыйналып, сакталат. Кичинекей бир клетка ичинде элестетүүгө да мүмкүн болбогондой майда түзүлүштөр, эч кемчиликсиз майда-бараттарына чейин уюштурулган бир фабриканын бөлүктөрү сыяктуу, иштешет. (Figures 5 through-7.)
hipotalamus
a. Kidney
Figure 8: Once released into the bloodstream from the pituitary gland, the vasopressin soon reaches the kidneys. A cross-section of the kidney can be seen on the right.
Кабар келген соң гипофиз безиндеги кампадан кан айлануусуна коюп жиберилген вазопрессин гормондору ылдам бөйрөккө жетишет. Бул жерде бир нерсени эске салуу керек, вазопрессин гормондары мээдеги гипофиз безинен жолго чыгышкан жана бөйрөктөргө жеткенге чейин бир канча органдын жанынан өтүшөт, бирок бул гормондор каякка кетип баратышканын, жолдорун жана максаттарын билген сыяктуу, эч жоголбостон же башка бир органга барбастан, түптүз бөйрөктөргө барышат. «Бөйрөктөргө баргыла» деген буйрукту кандайча алууда жана сөз кылынып жаткан бул аң-сезимсиз молекулалар бул буйрукту кантип түшүнүп, жолдорун табышууда?
hipotalamus
Figure 9: The vasopressin reaching the kidneys bonds to receptors around millions of micro-channels inside them. These receptors have been specially created for vasopressin, so that they fit one another like a key and a lock.
Бөйрөккө жеткен вазопрессин гормондары бөйрөктөгү миллиондогон микро каналчалардын айланасында жайгашкан кабылдагычтарга кулптанышат. Бул кабылдагычтар вазопрессиндер үчүн атайын жаратылган жана ачкыч кулпуга туура келген сыяктуу бири-бирине туура келет. Мындай дал келүүчүлүк кантип ишке ашат? Бир адам эгер адис болбосо, бири-бирине толук туура келген эки башка калыпты жасоодо да кыйналышы мүмкүн. Ал эми денеде болсо мунун көптөгөн мисалдары бар. Мындан тышкары, эки бөлүкчө, т.а. вазопрессин гормону менен бөйрөктөгү кабылдагычтар дененин толугу менен башка башка жерлериндеги бири-биринен абдан айырмаланган клеткалар тарабынан жасалууда. Бирок ошого карабастан, кемчиликсиз бир дал келүүчүлүк бар. Мындай дал келүүчүлүк болсо Раббибиздин пенделерине болгон бир мээрими.
Мындай кулптануу аркылуу бөйрөккө «заара суюктугундагы суу молекулаларын карма» буйругу берилген болот. Мындай кабардашуу системасы урматында заарадагы суу молекулаларынын көпчүлүгү тазаланат жана кайрадан канга аралаштырылат. Натыйжада заара көлөмү азайтылып, денеге суу берилген болот.
Эгер зарыл көлөмдөн ашыкча суу ичилген болсо, анда бул механизм тескерисинче иштейт. Кандагы суунун көлөмү көбөйөт. Мындай көбөйүү натыйжасында гипоталамуста жайгашкан кабылдагычтар вазопрессин гормонунун коюп жиберилүү процессин жайлатышат. Вазопрессин гормону азайганда, заара суюктугу көбөйөт жана кандагы суунун көлөмү нормалдуу деңгээлине алып келинген болот.
Мындай кемчиликсиз система денедеги системалардын абдан кичинекей бир бөлүгү гана, жана бул кичинекей бөлүк дагы эч нерсенин ээнбаш, максатсыз эмес экендигинин, чексиз акыл, илим жана күч-кудурет ээси болгон Аллахтын бул системаны дайыма башкарып тургандыгынын далилдеринин бирөөсү гана.
hipotalamus
a. slow,
b. Sensor,
c. vasopressin
Figure 10: When the concentration of water rises in the blood, sensors in the hypothalamus slow the release of the hormone vasopressin.

2. Денедеги кемчиликсиз коргонуу системасы

Вазопрессин гормонунун дагы бир өзгөчөлүгү бар; ал кан тамырларын кысат жана натыйжада кандын басымын көбөйтө алат. Бул да абдан кылдат пландалган бир коопсуздук-камсыздоо системасы жана адамдын өзгөчө бир жаратылуу менен жаратылгандыгынын дагы бир далили. Бул коопсуздук-камсыздоо системасынын иштей алышы үчүн кеңири масштабдуу бир пландоо жасалган. Жүрөктүн көңдөйчө (предсердие) аймагынын жана жүрөккө келген тамырлардын ичине кан басымын өлчөөчү атайын кабылдагычтар жайгаштырылган.
Белгилүү болгондой, бир адамдын кан басымын өлчөө үчүн технологиялык бир аппарат колдонуу керек. Мындай аппараттар көптөгөн ар кайсы тармактагы адистердин биргелешкен аракети менен иштеп чыгылган жана алдыңкы технологиялар менен өндүрүлүүдө. Ал эми жүрөгүбүздө болсо ушул эле кызматты куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон, абдан кичинекей молекулалар аркалашууда. Бул кабылдагычтар кан басымын кантип өлчөшөт, басымдагы айырмаларды кантип кабылдашат? Булар – сезими, сезүү органдары жана ал тургай сезгендерин кабылдай турган аң-сезимдери жок атомдор. Мындан тышкары, бул кабылдагычтар жүрөккө, дал керектүү жерге кантип жайгашышкан? Бүт мындай суроолордун жооптору адамга Аллахтын бар экендигин жана Анын илиминин улуулугун көрсөтүүдө.
Бул кабылдагычтардан чыккан нервдер болсо бир кабель байланышы сыяктуу, гипофиз безине байланышкан. Нормалдуу кан басымында бул кабылдагычтарга тынымсыз сигнал барып турат жана бул кабельдер аркылуу гипофиз безине тынымсыз бир электрдик агым жөнөтүп турушат. Гипофиз бези болсо бул сигналдардын келиши токтоп калмайынча, вазопрессин гормонунун койо берилишине тоскоол болот. Бул бир коопсуздук фирмасынын иштөө системасына окшойт. Коопсуздук фирмасынын дайыма даяр болуп күтүп турган кызматкерлери коңгуроо (сигнализация) системасы курулган үйдөн оң кабарлардын келиши уланып турганда, эч чара көрүшпөйт.1
Коопсуздук фирмасы, т.а. гипофиз бези качан чара көрүп баштайт? Олуттуу бир кан жоготуу болгондо, адамдын кан-тамырларында кандын көлөмү азайат. Бул болсо кан басымынын төмөндөшү дегенди билдирет, кан басымынын төмөндөшү болсо оорулуу үчүн абдан кооптуу.
Кан басымы төмөндөгөндө, тамырлардын жана жүрөктүн ичинде жайгашкан кабылдагычтар гипофизге жөнөткөн сигнал да токтойт. Бул болсо гипофиздин «сигнализациясынын иштешине» жана вазопрессин гормонун коюп жиберишине себеп болот(Figure 12). Гипофиздин сигналдын токтогонун ылдам байкап, чара көрүшү болсо абдан аң-сезимдүү, акылдуу бир кыймыл-аракет. Бирок мындай аң-сезимдүү, акылдуу кыймыл-аракеттердин баары кээ бир атомдордун биригишинен пайда болгон кичинекей молекулаларга тиешелүү.
Вазопрессин гормону ылдам кан-тамырлардын айланасында жайгашкан булчуңдардын кысылышына себеп болот жана бул процесс кан басымынын көтөрүлүшүнө шарт түзөт. Абдан комплекстүү, бири-биринен көз-каранды иштеген жана бир канча бөлүктөн турган бул системанын ойлонуу керек болгон көптөгөн майда-бараттары бар.
hipotalamus
Figure 11: Nerves connect the pituitary gland to sensors in the heart. Under conditions of normal blood pressure, these sensors are constantly stimulated and send a constant electrical current to the pituitary gland.
Figure 12: When blood pressure falls, the sensors in the heart cease sending signals to the pituitary gland. This leads to the pituitary gland going into emergency mode and releasing vasopressin.
Вазопрессин гормонун өндүргөн гипоталамус клеткалары өздөрүнөн абдан алыста жайгашкан тамырлардын айланасындагы булчуң клеткаларынын түзүлүшүн кайдан билишет?
Кан басымынын көтөрүлүшү үчүн бул тамырлардын кысылышы керек экенин кайдан билишет?
Бул клеткалардын кысылышын камсыз кылган химиялык формуланы кантип өндүрө алышууда?
Жүрөк жана гипофиз арасындагы байланыш тармагынын кабельдери төшөлүп мындай кемчиликсиз бир сигнализация системасы кантип пайда болгон?
Эч шексиз, бул кемчиликсиз бир жаратылуу мисалы. Жана бул адамдын аң-сезимсиз кокустуктар натыйжасында эмес, Аллахтын жаратуусу менен пайда болгонун көрсөтүүдө. Эволюционисттердин денедеги байланыш (кабар алышуу) жана сигнализация системасынын кокусунан пайда болгонун, клеткалардын өз башынча бул системаны ойлоп чыгарышканын, пландашканын жана жасашканын айтышы болсо эч логикага сыйбайт. Мындай пикир, «бир талаада чогулган цемент, кирпич, электрдик кабель сыяктуу нерселер бир бороон натыйжасында алгач кокустан бир бийик мунара салышты, кийин дагы бир бороон менен бул мунаранын ичине электрдик система курушту, үчүнчү бир бороондо болсо бул имараттын ичине кемчиликсиз бир коопсуздук системасын жасашты» деген догмага окшошот. Акылдуу жана абийирдүү эч бир адам мындай логикага сыйбаган бир догманы кабыл албайт. Бирок эволюционисттердин догмасы мындан бир топ эсе акылсыз. Улуу Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн (Аллахты аруулайбыз) болгон аракетин кылган эволюционисттер айткан сөздөрүнүн канчалык акылга, логикага сыйбас экенин ойлонбостон, эволюция теориясын жакташат. Чындыгында болсо, Улуу Аллахтын бар экендиги жана асмандан жерге чейин бүт нерселерди кемчиликсиз бир жаратуу менен жараткандыгы апачык бир чындык.
hipotalamus
a. Anterior pituitary gland
b. Pituitary gland
c. Central section

3. Эненин сүтү жана окситосин гормону

Эненин сүтү – Аллах жараткан сансыз кереметтин бирөөсү гана. Эненин сүтүндө жаңы төрөлгөн бир наристенин бардык муктаждыктары бар. Болгондо да, наристе чоңойгон сайын муктаждыктарынын өзгөрүшүнө жараша эненин сүтүнүн курамы да өзгөрүп турат. Илимпоздор лабораторияларда да ага окшошун өндүрө албаган эне сүтүн өндүргөндөр болсо – бул эненин көкүрөгүндөгү кээ бир клеткалар. Бул клеткалар эне сүтүнүн теңдешсиз формуласын билишет жана качан өндүрүп башташы керек экенин, качан өндүргөн нерсесинин курамын өзгөртүшү керек экенин билишет.
hipotalamus
a. Milk,
b. Mother's milk
Figure 13: The hormones involved in the production of mother's milk work just like skilled, conscious technicians and workers in a factory. Every detail is a manifestation of the infinite knowledge and mind of God.
Эненин сүтүнүн өндүрүшү кандайча башталат жана бул өндүрүш кантип башкарылат? Бул суроонун жообунда да көптөгөн жаратылуу керемети жашырылган. Сүт өндүрүшүндө гормоналдык система жана нерв системасы ортоктошо кызмат кылышат. Кемчиликсиз бир маалымат агымы жана пландоо натыйжасында бул өндүрүш ишке ашат(Figure 13).
hipotalamus
Figures 14 and 15: The hormone PIH accelerates or slows the production of prolactin, as required. Milk production is thus prevented during the first months of pregnancy. This, of course, is not a system that hormones could have thought up themselves. God creates all details without flaw.
Эненин көкүрөгүндө жайгашкан сүт бездерин кыймылдаткан абдан өзгөчө бир гормон бар. Бул гормон – пролактин гормону. Пролактин гормону гипофиз безинен чыгарылат.
Бирок кош бойлуулуктун башында пролактин гормонунун чыгарылышын чектеген кээ бир факторлор бар. Бул факторлорду ылдыйга түшүп бараткан бир унаанын тормоз баскычына басууга окшоштурууга болот. Унаа ылдый көздөй кыймылдоого ийкемдүү болот, бирок тормоз тебилип тургандыктан, кыймылдай албайт. Б.а. сүт өндүрүшү тормоздолгон болот.
hipotalamus
a. Milk
Figure 16: After the birth of the baby, the release of estrogen decreases, which in turn leads to a reduction in PIH. This process resembles the way a car starts rolling downhill when you slowly take your foot off the brake pedal. In this way, production of the hormone prolactin gradually increases, setting the milk glands in action to produce mother's milk.
Пролактин гормонунун тормоздолушу эң керектүү бир чечим. Себеби наристе али төрөлө элек болгондуктан, энеден сүт чыгып башташынын эч кажети жок. Кантип мындай тормоз басылат? Пролактиндин эрте чыгарылып башташына кантип тоскоол болунат? Бул жерде кемчиликсиз бир система иштейт. Мээнин гипоталамус аймагы пролактин гормонунун өндүрүшүнө тоскоол болгон бир гормон чыгарат. PIH (Prolaktin Inhibiting Hormon- Пролактинге тоскоол болуучу гормон) деп аталган бул гормон пролактин өндүрүшүн жайлатат, б.а. тормоздойт.
Тормозго басуу кандайча ишке ашат? Кош бойлуулук убагында өндүрүлгөн эстроген аттуу бир гормон гипоталамустун тормозго басышын, б.а. PIH өндүрүшүн камсыз кылат. Наристе төрөлөөрү менен эстрогендин чыгарылышы азайат. Эстрогендин азайышы PIHтын азайышына алып келет. Бул процесс буттун тормоздон акырындап алынышына жана унаанын ылдый көздөй кыймылдап башташына окшошот. Натыйжада пролактин өндүрүшү акырын акырын көбөйүп баштайт. Пролактин гормондору сүт бездерин эненин сүтүн өндүрүшү үчүн кыймылга келтирет.
Бул – чыныгы бир жаратылуу керемети. Кош бойлуулуктун алгачкы айларында сүт өндүрүшү ушул пландалып жаратылган системанын урматында токтотулат. Эми бул система жөнүндө көңүл коюп ой жүгүртөлү:
Пролактин гормонун өндүргөн гипофиз клеткалары сүт бездерин кайдан таанышат? Сүт өндүрүү милдетин аркалаган клеткаларга «сүт өндүр» буйругун кайсы акыл жана аң-сезими менен берүүдө?
Наристе төрөлөөрдөн мурда пролактин өндүрүшүнө тоскоол болгон гормондор али сүт өндүрүлбөшү керек экенин, дагы бираз күтүү керек экенин кайдан билишет?
Бул гормондор пролактиндин сүт өндүрөөрүн жана сүттүн өндүрүлүшүнө тоскоол болуу үчүн пролактин гормонунун өндүрүлүшүнө тоскоол болуу керек экенин кайдан билишет?
Бүт бул кереметтүү системаны жараткан – бул ааламдардын Рабби болгон Аллах. Жана бүт нерселер Анын илхам кылышы менен кыймылдоодо.

4. Кальций өлчөгүчтөр

Кандагы кальцийдин көлөмү адамдын өмүрүн уланта алышы үчүн абдан маанилүү бир фактор. Бир адам өмүрүн улантуу үчүн дем алууга жана суу ичүүгө муктаж болгон сыяктуу, канында белгилүү көлөмдө кальций болушуна да муктаж. Кандагы кальцийдин көлөмү зарыл деңгээлден төмөн болуп кеткенде, адам өлөт.
hipotalamus
Figure 17: There are some 2 kilograms (4 pounds) of calcium in the adult human body.
альций денебизде көптөгөн абдан маанилүү функциялардын ишке ашырылышын камсыз кылат. Кальций жок болсо, кан коюлбайт, мындай абалда кичинекей бир жара же кесилген жер де адамдын кан жоготуудан өлүшүнө себеп болушу мүмкүн. Кальций нерв сигналдарынын жеткирилишинде да абдан маанилүү ролду аткарат. Кальций ошол эле учурда булчуңдардын иштешин жана сөөктөрдүн бекемдигин да камсыз кылат. Бойго жеткен бир адамдын денесинде 2 килограммга жакын кальций болот. (Figure 17). Бул кальцийдин 99%ы сөөктөрдө кампаланган. Калганы болсо метаболизм менен байланыштуу процесстерде колдонулат. Дененин функцияларынын уланышы үчүн да дээрлик 0,5 грамм кальцийдин канда айланышы жетиштүү.2
Эми мындай элестетип көрөлү: алдыңызга атайын бир шише идиш ичинде 1 литр кан сунулган болсун. Жана сизге «бул канды күтүп жаткан бир оорулууга жеткирүү керек, бирок бир проблема бар» деп айтышсын. «Бул кандын ичинде кальций жетишсиз, бирок канчалык жетишсиз экенин аныктай албадык» дешсин. Ошондой эле, сизге колдонушуңуз үчүн чоң бир капта майда кальций да берилген болсун жана сизден «жетпеген кальцийди толуктап бериңизчи» деп суранышсын (Figure 18)..
Эмне кылмак элеңиз?
Эң алгач, сизге сунулган канда канчалык көлөмдө кальций бар экенин өлчөшүңүз керек болот. Бирок бул үчүн абдан алдыңкы технологиялык шаймандар керек, бирок ал учурда сизде буга убакыт да, мүмкүнчүлүк да жок. Натыйжада абдан чарасыз абалда каласыз.
Бирок бардык адамдардын денесинде дайыма кальцийдин көлөмүн эсептеп, керектүү чараларды алган кереметтүү бир механизм бар: тироид бези (щитовидная железа) жана тироид безинин ичине көмүлгөн дагы бир гормоналдык без болгон паратироид бездери (паращитовидная железа) денеде кальций тең салмактуулугунун сакталышы үчүн абдан акылдуу бир планга ылайык иштешет. Өзгөчө паратироид безинин жалгыз милдети – бул өмүрүбүз бою, түнү-күнү каныбызда канчалык кальций бар экенин өлчөө жана кальцийдин көлөмүн эң идеалдуу көлөмдө кармоо(Figure 19).
Паратироид бези өзү өндүргөн абдан өзгөчө бир жаратылуу менен жаратылган паратгомрон аркылуу кандагы кальцийдин көлөмүнө кийлигишет. Эгер канда кальций көлөмү азайса, ошол замат паратгормон чыгарат.3 (Figure 20).
hipotalamus
a. Thyroid gland,
b. Parathyroid gland
Parathyroid glands identify calcium from among the millions of molecules in the blood and take the appropriate precautionary measures to maintain the ideal level of calcium in the blood.
Паратироид бези кичинекей бир эт бөлүкчөсү гана. Клеткалардын жыйындысынан турган бир бөлүк эт алдынан аккан кан дарыясынын ичиндеги кальцийдин атомдорун кантип аныктайт? Көзү, кулагы, колдору жок клеткалар кандагы туз, глюкоза, май, амино-кислоталар, протеиндер, гормондор, энзимдер, лактоз кислотасы, көмүр кычкыл газы (карбон-диоксид), азоттуу калдыктар, натрий, калий, заара (моча), заара кислотасы, темир, бикарбонат сыяктуу миңдеген түрдөгү заттар арасынан кальцийдин атомдорун кантип ажыратып, айырмалай алат? Клетка кальцийди кантип тааныйт? Кальцийдин канда канчалык болушу керек экенин кайдан билет? Кальцийдин көлөмүн кайсы аң-сезими, акылы менен өлчөйт? Кантип «кальций аз экен» же «көп экен» деп чечим чыгарат?
Бул жерде кайра эске сала кетүү керек, бул клеткалар – акылы жана аң-сезими жок, миллиметрдин 1%ы чоңдугундагы нерселер. Бул нерселердин биздин жашообуз үчүн кандагы кальцийдин көлөмүн ийгиликтүү өлчөп жатышы – бул чексиз илим ээси Улуу Аллахтын жаратуу далилдеринин бирөөсү гана.
Паратироид клеткалары жасаган өлчөөлөрү натыйжасында «кальцийдин көлөмү азайып кетиптир» деп чечсе, анда ылдам паратгормон чыгарышат. Паратгормон кальцийдин көлөмүн кантип көбөйтөт? Бул кичинекей молекула кайдан кальций табат? Паратгормон ар бири үчүн абдан күчтүү биология билими талап кылынган 3 ар башка жолдон кан үчүн кальций булагын табат:
1. Сөөктөрдө көп өлчөмдө кальций бар. Паратгормон кальцийдин бир бөлүгүн сөөктөрдөн карызга алат. Сөөк клеткалары кальцийди кампалашат жана нормалдуу шарттарда бергилери келбейт. Бирок паратгормондун формуласына жолукканда, эч ойлонбостон белгилүү көлөмдө кальцийди бош койо беришет (Figure 20).
2. Заара менен бирге белгилүү көлөмдө кальций денеден сыртка чыгарылууда. Заарадагы кальций кайрадан канга аралаштырылышы керек. Бул үчүн болсо, бөйрөк клеткаларынын заарадагы кальций молекулаларын кармап, артка кайтарышы керек. Бул жолу паратгормон бөйрөк клеткаларына бул буйрукту берет жана бөйрөк клеткалары бул буйрукка баш ийип, кальций молекулаларын кайра топтошот(Figure 21).
hipotalamus
a. Lack of Calcium
Figure 18: The parathyroid gland's task is to measure, day and night, how much calcium there is in your blood and to maintain it at the ideal level. Whenever it determines that the level of calcium in your blood has fallen, it takes immediate precautionary measures.
3.Акыркы ыкма болсо – бул денеге кирген кальцийди максимум колдонууга берүү. Жеген тамактарыңыздагы кальцийдин канга аралашышы ичке ичегиде ишке ашат. Бирок кальцийдин кайра сорулушу үчүн ичеги клеткалары активдүү абалдагы D витаминине муктаж болушат. Бул жерде чоң көйгөй жаралат; себеби сиз жеген тамактар аркылуу алган D витаминиңиз активдүү абалда эмес 4 Ичегилериңиздин көбүрөөк кальций сорушу, натыйжада каныңыздагы кальцийдин көлөмүн көбөйтүү үчүн бул көйгөйдү чечишиңиз керек. Б.а. активдешпеген D витамининин химиялык түзүлүшүн өзгөртө турган жана активдүү абалга алып келе турган абдан өзгөчө бир молекула табышыңыз керек. Бул молекула – кайра эле паратгормон (Figure 22).
hipotalamus
a. parathyroid, b. close, c. open
Figure 19: When the level of calcium in the blood falls, the parathyroid immediately intervenes by releasing parathormone.
Figure 20: Parathormone increases the level of calcium in the blood in three different ways.
Эми бул жерде абдан көңүл коюп ойлонуу керек. Кандагы кальцийдин көлөмүнүн көбөйтүлүшү үчүн бири-биринен көз-карандысыз 3 ар башка жол бар болууда жана бири-биринен такыр башка бул үч системанын иштеп башташын камсыз кылган ачкыч бирөө гана. Бул ачкыч үч системанын тең контакттарын буроодо (ачууда). Андан да таң калыштуусу, бири-биринен абдан айырмалуу түзүлүштөгү жана иштөө калыптары абдан айырмалуу болгон бул системалардын контакттары буралганда, жетишилген жыйынтыктын бирдей болушу: «кандагы кальций көлөмүнүн көбөйтүлүшү.
hipotalamus
Figure 20: When necessary, the parathormone borrows some calcium from the bones.
Although under normal circumstances, the bones are reluctant to release calcium, they do release a specific amount when they come into contact with parathormone.
Бул гормондун формуласын паратироид клеткалары кантип табышкан? Бул молекуланын сөөктөргө, бөйрөктөргө жана D витаминине таасир берээрин кайдан билишет? Кантип тарых бою жашаган миллиарддаган адамдын паратироид бези –оору жок учурда- бул туура формуланы өндүрүү ийгилигине жетишкен? Сөөктөрдүн кальций кампалаарын, заара ичинде сыртка чыгарыла турган кальций бар экенин жана ичке ичеги клеткаларынын кальций соруу үчүн активдүү D витаминине муктаждыгы бар экенин паратироид клеткалары кайдан билишет? Бул үч системаны иштете турган формуланы кантип табышкан? Аң-сезимсиз клеткалар адамдын да алы жетпеген мындай акылдуулукту кантип жасашат?
Клеткалардагы мындай акыл жана пландоону, клеткаларды да, кальций молекуласын да, адамды да жоктон жараткан, адамды кальций молекуласына муктаж бир абалда жаратып, кийин бул муктаждыгынын камсыздалышы үчүн кемчиликсиз бир система жараткан – бул асмандардын, жердин жана ал экөөсү арасындагылардын Рабби, Рахман жана Рахим болгон Аллах. Эч шексиз, Аллахтын даңкы абдан Улук.
hipotalamus
a. Sodium, b. Calcium, c. Glucose, d. Protein, e. Potassium
Figure 21: You would need to be an expert with considerable training and technology to locate the one chemical you were looking for in a river containing many chemical substances. Yet hormones successfully achieve this feat on their own, with no special equipment.
Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан Улук, абдан бийик.  (Бакара Сүрөсү, 255)
hipotalamus
a. parathormone
Figure 22: When the need arises, parathormone activates the non-activated Vitamin D by changing its chemical structure. It awakens the vitamin, almost as if it had been hibernating.

5. Кант (шекер) заводу

Эгер муктаждыгыңыздан бираз көбүрөөк шекердүү тамак жесеңиз, анда денеңиздеги абдан детальдуу жана кемчиликсиз бир система кандагы шекер көлөмүнүн жогорулашына тоскоол болуу үчүн аракет кылып баштайт:
1- Эң алгач панкреас клеткалары кан суюктугунун ичиндеги миллиондогон молекула арасынан шекер молекулаларын табат жана башкаларынан айырмалайт. Анан, шекер молекулаларын бир-бирден санагандай, бул молекулалардын саны «көп» же «аз» деп чечим чыгарышат. Көзү, мээси, колдору жок, көзгө көрүнбөгөн кичинекей клеткалардын бир суюктуктун ичиндеги шекер молекулаларынын көлөмү жөнүндө маалыматтуу, илимдүү болушу – бул ой жүгүртө турган нерсе. (Figure 23).
hipotalamus
a. The pankreas
b. sugar
c. pancreatic cells
Figure 23: Pancreas cells are able to distinguish sugar molecules from among the millions of other molecules in the blood.
Moreover, they literally count the sugar molecules, and decide whether there are too many of them, or too few.
2- Эгер панкреас клеткалары канда керектүү деңгээлден ашыкча шекер бар деп аныкташса, анда бул ашыкча шекерди кампага жыйып койолу деп чечишет. Бирок кампалоо жумушун өздөрү жасашпайт, алардан бир топ алыстагы башка клеткаларга жасатышат.
3- Алыстагы бул клеткалар аларга башка бир буйрук келмейинче, шекер кампалагылары келбейт. Ошондуктан, панкреас клеткалары ал клеткаларга «шекер кампалап баштагыла» деген буйрукту ташыган бир гормонду жөнөтөт. «Инсулин» деп аталган бул гормондун формуласы панкреас клеткалары алгач пайда болгон учурдан баштап ДНКларында жазылуу турат (Figure 24).
4- Панкреас клеткаларындагы атайын «энзимдер» (жумушчу протеиндер) бул формуланы окушат. Окулган формула боюнча инсулин аттуу гормонду өндүрүшөт. Бул өндүрүштү жасоодо ар башка кызматты аткарган жүздөгөн энзим иштейт.
hipotalamus
a. insulin
Figure 24: Pancreas cells send a hormone telling the relevant cells to start storing sugar. This hormone is known as insulin.
Figure 25: The insulin hormone is produced by special enzymes in the pancreas cells and reaches the liver and other relevant organs via the bloodstream.
5- Өндүрүлгөн инсулин гормону эң ишенимдүү жана эң ылдам жетүү тармагы болгон кан аркылуу максатталган клеткаларга жеткирилишет. Бул максатталган клеткалардын бири – бул боор клеткалары.
6- Инсулин гормонунда жазылган «шекер кампалагыла» буйругун окуган боор клеткалары болсо бул буйрукка кың дебестен баш ийишет. Шекер молекулаларынын клеткалардын ичине өтүшүн камсыз кылуучу эшиктер ачылат (Figure 25).
7- Бирок бул эшиктер туш келе ачылбайт. Боордогу кампа клеткалары кандагы жүздөгөн ар түрдүү молекула арасынан бир гана шекер молекулаларын айырмалайт, кармайт жана өз ичине камашат (Figures 26 and 27).
hipotalamus
a. Storage cell
b. The pancreas
Figures 26 and 27: Storage cells in the pancreas can distinguish sugar molecules from among all the millions of molecules in the blood, and stores as many as they require.
8- Боор клеткалары аларга келген буйрукка эч качан тоң моюндук кылышпайт. Бул буйрукту туура эмес түшүнүшпөйт, туура эмес заттарды кармап, керектүү деңгээлден ашыкча шекер кампалап баштабайт. Абдан так бир дисциплина менен иштешет.
Натыйжада сиз ашыкча шекердүү бир чай ичкениңизде, ушундай кереметтүү система чара көрөт жана ашыкча шекерди денеңизде кампалайт. Эгер бул система иштебегенде, анда шекер ылдам жогорулап, натыйжада адамдын комага кабылып, өлүмүнө алып келет эле. Бул зарыл болгондо тескерисинче да иштей ала турган кемчиликсиз бир система. Эгер кандагы шекер нормадан төмөн түшүп кетсе, анда панкреас клеткалары такыр башка бир гормон болгон «глюкагонду» өндүрүшөт. Глюкагон мурда шекер кампалаган клеткаларга эми «канга шекер аралаштыргыла» буйругун жеткирет. Бул буйрукка да баш ийген клеткалар кампалаган шекерди кайра койо беришет.
Кандайча болуп, бир мээси, нерв системасы, көзү, кулагы болбогон клеткалар ушунчалык так эсептерди жана жумуштарды кемчиликсиз аткарышууда? Протеиндер жана май клеткаларынын катарга тизилишинен куралган мындай аң-сезимсиз нерселер кантип адамдар да жасай албаган чоң иштерди жасай алышат? Аң-сезимсиз молекулалардын мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракетинин булагы эмне? Албетте, бул окуялар – бизге бүт ааламга жана бүт жандууларга өкүмдарлык кылган Аллахтын бар экенин жана күч-кудуретин көрсөткөн сансыз далилдердин бир канчасы гана. Аллах аяттарында мындайча буйурат:
Шек жок, жерде жана асманда Аллахка эч нерсе жашыруун калбайт. Жатындарда силерге каалагандай келбет берген – Ал. Андан башка Илах (Кудай) жок; (Ал) улук жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси. (Али Имран Сүрөсү, 5-6)
hipotalamus
a. Release sugar into the bloodstream
b. Glucagon
Figure 28: Glucagon carries an instruction for the cells that previously have been storing sugar to release it into the bloodstream. The cells obey this command and release the sugar they have stored into the blood.

6. Тез жардам: адреналин гормону


bobrekustubezi
a. Adrenal gland
b. Kidney
Кооптуу же бир коркуу учурунда ар бир адамга жардам берген бир молекула бар: адреналин гормону. Бул гормон, мисалы айдап бараткан учагы бузулган бир учкучтун мээ клеткаларынын сигналын иштетет, мээсине көбүрөөк кан жана шекер жөнөтөт жана учкучтун жакшыраак көңүл коюшун камсыз кылат. Ошол эле учурда учкучтун жүрөгүнүн согушун жана кан басымын жогорулатат, натыйжада көбүрөөк кычкылтек алышын жана булчуң жана мээ клеткаларына көбүрөөк кандын барышын камсыз кылат. Скелетти жана булчуңдарды күчтүүрөөк кысат, кандагы шекер көлөмүн көбөйтөт жана натыйжада учкуч муктаж болгон демейкиден көбүрөөк энергияны алышына мүмкүнчүлүк берет.
Бөйрөк үстүндөгү бездер өндүргөн жана кампалаган бул кереметтүү гормон көптөгөн өзгөчөлүккө ээ жана Аллахтын улуу илиминин жана кемчиликсиз жаратышынын бир далили.
Эң алгач адреналиндин жогоруда саналган таасирлерди кандайча пайда кылганын карап көрөлү. Коркунуч болоор замат денеде сигнализация баскычы басылат. Мээ бөйрөк үстү бездерге чагылгандай бир буйрук жөнөтөт. Бөйрөк үстү безинин ич тарабында жайгашкан клеткалар сигнализация абалына өтөт жана тездик менен адреналин гормонун чыгарат. Адреналин молекулалары канга аралашат жана дененин ар кайсы тараптарына таркайт. (Figures 29 through 32).
Чыгарылган адреналин молекулалары мээ, жүрөк жана булчуңдар сыяктуу абдан маанилүү органдарга баруучу тамырларды кеңейтет, натыйжада бул органдар муктаж болгон ашыкча кан камсыз кылынган болот.5 (Figure 32)
Адреналин молекулалары кылган иш-аракет жүрөккө, мээге жана булчуңдарга баруучу тамырларды кеңейтип жатканда, боорго жана териге баруучу тамырларды кысышат(Figure 33).
Ушундайча дене үчүн муктаж болгон колдоо эң жакшы негизде көрсөтүлгөн болот.
Териге аз кан жөнөтүлүшүнүн дагы бир себеби бар: мунун урматында кокус жарадар болуп калса кан жоготуу риски минимум кылынган болот. Ашыкча толкундануу учурунда териде байкалган бозоруунун (кубаруунун) себеби да ошол учурда териге азыраак кан жөнөтүлүп жаткандыгында.6
Эч качан жаңылыштык менен жүрөккө же мээге баруучу тамырлар кысылып, боорго же териге баруучу тамырлар кеңейтилбейт. Адреналин молекуласы эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билет. Денеңиздеги жүздөгөн тамырдын масштабы жана бул тамырлардын каякка, канчалык кан жөнөтөөрү көзгө көрүнбөгөн, кичинекей бир гормон тарабынан жөнгө салынууда.
hipotalamus
a. AG = Adrenal Gland
b. Adrenaline
Figure 29: At times of fear or excitement, the brain quickly sends a signal to the adrenal glands.
Figure 30: Cells in the internal part of the adrenal gland immediately go to action status.
Figure 31: And the hormone adrenaline is secreted in quantity.
Адреналин молекулалары ар бир орган үчүн башка башка маанини билдирет; тамырга барганда тамырды кеңейтүүчү адреналин молекуласы, жүрөккө барганда болсо жүрөк клеткаларынын кысылышын ылдамдатат. Натыйжада жүрөк батыраак согот жана булчуңдарга ашыкча күч ала алуу үчүн муктаждык болгон кан жөнөтүлгөн болот(Figure 34).
hipotalamus
a. Vessel Wall
b. Adrenaline
c. Blood
Figure 32: The hormone adrenaline widens the arteries leading to such vital organs as the brain, heart and muscles, and thus increases the flow of blood to these organs.
Адреналин молекуласы булчуң клеткаларына жеткенде болсо, булчуңдардын күчтүүрөөк кысылышын камсыз кылат(Figure 35). Боорго жеткен адреналин молекулалары ал жердеги клеткаларга канга көбүрөөк шекер аралаштырышын буйрук кылат. Натыйжада кандагы шекер көлөмү көбөйөт жана булчуңдар муктаж боло турган энергия камсыз кылынган болот (Figure 36).
hipotalamus
a. Vessel Wall
b. Adrenaline
Figure 33: By narrowing the blood vessels leading to the liver and skin, adrenaline prevents blood from flowing to organs where it will not be needed, for the time being.
Бул кичинекей молекула качан, эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билет жана муктаждык болмоюнча адамдын денесин эч качан сигнализация абалына киргизбейт. Мындан тышкары, кайсы клеткаларга барышы керек экенин, кайсынысына кандай буйрук бериши керек экенин да абдан жакшы билүүдө жана муну эч унутпоодо. Ошондой эле, булардын баары анын клеткаларды, органдарды жана алардын функцияларын да абдан жакшы таанып, билгенин да көрсөтүүдө. Дененин качан мындай абалдан чыгарылышы керек экендиги жөнүндө да эч качан жаңылбоодо.
hipotalamus
Figure 34 and 35: Thanks to adrenaline, the human body gains extra strength and resistance at times of stress.
Антпесе, б.а. мындай бир ката жасалган болсо, анда денеде оңдоого мүмкүн болбогондой зыяндарга алып келиши мүмкүн. Бирок бул кичинекей молекулалар чоң бир жоопкерчиликти сезүү менен иштешүүдө. Бир канча атомдун белгилүү бир системада биригишинен пайда болгон, жансыз, аң-сезимсиз, мээси жана көзү жок бир молекуланын ушунчалык акылдуу, уюшкан жана кезектүү бир абалда кыймыл-аракет жасашы мүмкүнбү? Булардын баарын ушул, көзгө көрүнбөй тургандай аз көлөмдөгү суюктуктун өз акылы жана эрки менен ишке ашырышы мүмкүнбү? Албетте, жок!
Бул жерде баяндалгандардын баары – денебиздеги ар бир молекуланы Аллахтын жараткандыгын жана булардын жашообуз боюнча дайыма Улуу Аллахтын күч-кудурети, эрки, көзөмөлү жана буйругу менен кыймыл-аракет кылып жатканын көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана. Улуу Аллахтын күчү, кудурети, жаратуусундагы улуу илим жана акыл дайыма, бүт жерде көрүнүүдө.
Куранда билдирилгендей:
«Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат.» (Ниса Сүрөсү, 126)
hipotalamus
a. Liver cell
b. suger
Figure 36: Adrenaline molecules reaching the liver command the cells there to release more sugar into the bloodstream. The level of sugar in the bloodstream rises as a result.

7. Денени тазалаган лизосома энзимдери

Денебизде күн сайын биз байкабаган көптөгөн процесстер ишке ашат. Кемчиликсиз абалда ишке ашкан бул процесстерди клеткаларыбыз жасашат. Саны 100 триллиондой болгон бул клеткалардын арасында өз кызматын абдан жакшы билген көптөгөн түзүлүштөр бар. Кээ бири энергия, кээ бири протеин өндүрөт, кээ бири ташуу ишин аткарат, кээ бири болсо кампа катары колдонулат.
Клетканын ичиндеги мындай түзүлүштөрдүн бири – бул лизосома. Лизосоманы клетканын майдалоочу машинасы деп атоого болот. Бул органикалык зат чыгарган энзимдер урматында денеде көптөгөн «кыйратуу» процесси ишке ашат. Лизосома энзимдери ишке жараксыз болуп калган клеткаларды кыйратып, майдалашат; бир түзүлүштүн айланасын курчаган кабыкчаны майдалап, тешишет; ошондой эле, денеде тынымсыз өсүүсүн уланткан кээ бир клеткаларды да майдалашат. Лизосома энзимдери аткарган мындай кыйратуу процесси дене үчүн абдан маанилүү.
hipotalamus
a. Lysosomes inside the cell.
b. Lysosome
Figure 37: Lysosomes break down useless elements by serving as the cell's waste-disposal system.
Мисалы, кош бойлуу аялдарда наристенин өрчүшү менен бирге жатын нормалдууга салыштырмалуу абдан чоңойот. Бул ден-соолугу жайында бир наристенин төрөлүшү үчүн зарыл болгон бир процесс. Бирок наристе төрөлгөн соң мынчалык чоң жатынга муктаждык жоголот. Бул учурда ашыкча кеңейген бул органды кайра эски калыбына кайтаруу керек болот. Мына ушул процессти ишке ашыруучу – бул лизосома энзимдери. Төрөө процесси бүткөндө белгилүү клеткалардын лизосомалары бул жөнүндө кабар алышкан сыяктуу, жана эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билүү менен ошол замат керектүү энзимдерди чыгарып башташат. Бул энзимдер дененин ден-соолугу үчүн кош бойлуулуктан кийинки 10 күн ичинде абдан бат кыйратуу менен жатынды 1/40 көлөмүндө кичирейтишет. Ушундайча жатын мурдакы көлөмүнө кайтып баштайт(Figure 38).
hipotalamus
a. Mother's womb
Figure 38: The lysosome enzyme reduces the size of the womb by 1/40 in 10 days after birth, helping it to begin returning to its normal size.
Лизосомалар, мындан тышкары, сперманын баш тарабында да болот. Сперма жумурткага жеткенде, аны орогон кабыкты тешүү үчүн үстүндө ташыган лизосома энзимдерин колдонот. Кыйратуучу таасирге ээ бул энзимдер жумуртканы коргоочу кабыкты тешүү менен сперманын жумуртканы төлдөтүшүн камсыз кылышат.
Бул мисалдардан да апачык байкалгандай, денебиздеги ар бир механизм бири-бирин толуктоочу негизде иштейт. Кош бойлуулук учурунда жатындын чоңойушун камсыз кылган система менен бирге аны мурдакы абалына кайтаруучу система да бар. Ошол сыяктуу бекем бир кабык менен корголгон жумуртканы теше ала турган энзим да сперманын ичине атайын максатта жайгаштырылган.
Дарвинисттер болсо ушундай бири-бири менен абдан тыгыз байланыштагы системалар кээ бир кокустуктар натыйжасында пайда болду жана кемчиликсиз абалда иштөөсүн улантты деп айта турганчалык деңгээлде акыл жана логикадан алысташкан. Өз ичтеринде да кемчиликсиз иштеген мындай механизмдердин бүт денедеги системалар менен да төп келишип иштеши – Аллахтын кемчиликсиз жаратуу далилдеринин бирөөсү. Хашр Сүрөсүндөгү бир аятта мындайча буйурулууда:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
hipotalamus
a. Lysosome
b. Egg
Figure 39: Lysosome enzymes, with their ability to break down organic substances, enable the sperm to pierce the sheath that protects the egg and enter to fertilize it.